Чаткалда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөөгө ӨКМ учак жиберди

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө үчүн Ош шаарынан Чаткалга тик учак учуп кетти.
Маалыматка ылайык, тик учак бүгүн, 18-октябрда 07:30да учуп кетти.
Белгилей кетсек, 9-октябрда 14 адам дары чөптөрдү чогултууга Ак-Сай тоосуна чыгышкан. 16-октябрда алар менен байланыш үзүлгөн. Дайынсыз жоголгондордун жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, 8 адамды табышкан. Алар 14-октябрда тоолорго кар көчкү түшкөнүн айтышкан.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Ошондой эле, куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышып турушат

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Орусияда Кыргызстандын маданият күндөрү башталат

Бүгүн, 18-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара 18-22-октябрь күндөрү өтүп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук жана маданий алакаларды чыңдоого багытталган. Программасы: 18-октябрь — кино күндөрүнүн ачылышы, […]

Сизге жагышы мүмкүн