Чаткалда дайынсыз болуп жаткан алты адамдын бирөөсүнүн сөөгү табылды

Автор

Жалал-Абаддын Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан алты адамдын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, маркум 46 жаштагы К.К. аттуу жаран болуп чыккан. Анын сөөгү саат 12:45те табылган.
Учурда калган беш адамды издөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана 1 кытайлык жаран тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын терүүгө чыгышкан. Кийинчерээк байланышка чыкпагандыктан, 16-октябрда алар дайынсыз болуп жатканы тууралуу ӨКМге кабар берилген.Ошол эле күнү куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине чыгып, дайынсыз болгон 8 кишини табышкан.
Табылган адамдар 14-октябрда саат 18:00дордо кар көчкү болгонун, 6 адам кар алдында калган болушу мүмкүн экенин айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтүүдө

Бүгүн 18-октябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «Алтын-Күз» жармаңкеси өтүүдө. 18-20-октябрга чейин өтө турган көргөзмөдө айыл чарба техникасынын үлгүлөрү, асыл тукум малдын породалары жана заманбап агротехнологиялар коюлган. Ошондой эле катышуучулар ветеринардык дарылар, жаңы үрөндөр жана көчөттөр менен тааныша алышат. Быйыл 300дөн ашык ата мекендик жана […]

Сизге жагышы мүмкүн