Чаткалда дайынсыз болгон төртүнчү жарандын сөөгү табылды

Автор

Жалал-Абаддын Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан алты адамдын төртөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз деп табылган 6 жарандын ичинен төртөөнүн сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди.
Калган 2 жарандын издөө иштери дагы эле уланууда.
Эскерте кетсек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана 1 кытайлык жаран тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын терүүгө чыгышкан. Кийинчерээк байланышка чыкпагандыктан, 16-октябрда алар дайынсыз болуп жатканы тууралуу ӨКМге кабар берилген.Ошол эле күнү куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине чыгып, дайынсыз болгон 8 кишини табышкан.
Табылган адамдар 14-октябрда саат 18:00дордо кар көчкү болгонун, 6 адам кар алдында калган болушу мүмкүн экенин айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

19-октябрга карата аба ырайы

19-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында бир аз жаан, кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19; Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн