Чаткалда дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери уланууда

Автор

Бүгүн Чаткал районунда дайынсыз болгон жарандарды издөөгө иштери таң атпай башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 08:34тө издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Airbus H145 тик учагы куткаруучулар жана кар көчкү станциясынын кызматкерлери менен Кумбел тилкесинен кар көчкү түшкөн жерге учуп кетти.
Эскерте кетели, ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сай өрөөнүндө кар көчкүнүн астында калган жарандарды издөө иштерин жүргүзүп жатат. Аба ырайынын шарттарына байланыштуу кечээ издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин: Жеңиш биз тарапта болот

Россия армиясы эң жогорку технологиялуу армиялардын бири гана болбостон, эң күчтүү жана согуштук даярдыктагы армиялардын бирине айланууда. Бул тууралуу 18-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин БРИКСке мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилеринин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Жолугушуу Казанда өтө турган саммиттин алдында болду. «НАТО биз менен украиналык аскерлердин колу менен […]

Сизге жагышы мүмкүн