Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов россиялык оппозиционер Алексей Навальный колонияда табигый себептерден же уюган кандан улам көз жумганын айтты. «Мен силерди капа кылышым мүмкүн, бирок биз билген нерсе бул чындык. Ал уюган кандан өлдү. Бул аздыр-көптүр тастыкталган. Бул Интернеттен алынган маалымат эмес»,-деди чалгындоо башкы башкармалыгынын башчысы.
Россия Федерациясынын Жаза аткаруу федералдык кызматы Алексей Навальный 16-февралда абакта көз жумганын кабарлады. Ал сейилдеп келгенден кийин өзүн жаман сезип, эсин жоготконун билдирди. Өлүмгө кандын уюп калышы себеп болгонун билдиришти. 24-февралдын кечинде Навальныйдын сөөгү апасына өткөрүлүп берилди.