ЦУМда «бомба коюлду» деп жалган маалымат берген жаран кармалды

Автор

«Айчүрөк» соода борборунун имаратында жардыруучу зат бар деп жалган билдирүү жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда саат 11:59да социалдык тармактардагы баракчалардын бирине соода борборунун кызматкерлерине кайрылуу менен «Айчүрөк» соода борборунда жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн.  илдирүү ошол эле соода борборунун кызматкерлерине келген.

«Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Текшерүүнүн алдында бардык жарандар имараттын бардык бөлмөлөрүнөн өз убагында эвакуацияланган. Белгилей кетчү нерсе, жардыруучу зат коркунучу тууралуу ар бир чакыруу, коркунуч чынбы же жалганбы, реалдуу коркунуч катары кабыл алынат. Ар бир жардыруучу зат тууралуу чалуулар же бидирүүлөр , жалган же тастыкталганына карабастан, ал коркунуч катары каралат. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган Кыргызстандын жана Россиянын жарандыгын алган, борбордо жашаган Г.А. аттуу жаран кармалган. Ал соода борборлорунун биринде, коомдук тамактануучу ишканада иштейт. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жаран социалдык тармактарда фейк аккаунт ачып, ал жерден жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда бул адамдын мурда жасалган ушул сыяктуу террордук мүнөздөгү кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Иран БУУнун трибунасынан АКШны коркутту

Ирандын тышкы иштер министри БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында сүйлөп жатып, эгер Газадагы адам өлтүрүүлөр улана турган болсо, кагылышуулардын оту эч кимди аябай турганын  билдирди. Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан АКШнын өкмөт өкүлдөрүнө “Бүгүн Нью-Йоркто, БУУда мен Палестинада геноцидди башкарып жаткан америкалык мамлекеттик ишмерлерге ачык айтам. Биз аймакта […]

Сизге жагышы мүмкүн