Цукерберг Масктан баш тартты: Колизейдеги беттеш болбойт

Автор

Рим Колизейинде Илон Маск менен Марк Цукербергдин мушташы болбойт. Бул тууралуу Мета корпорациясынын жетекчиси билдирди.
“Италия Колизейди боорукердик менен сунуштады. Цук баш тартты”,-деди Маск социалдык тармактагы баракчасында. Марк үйдө мушташууга макул болгон эмес.
Буга чейин Цукерберг Маскты анын ниетинин жеңил-желпилиги үчүн айыптаган. Америкалык миллиардердин айтымында, Илон чыныгы күрөштөн баш тартат. “Мен олуттуу адамдар менен атаандашууга басым жасайм”-деп кошумчалады ал.
Беттеш өткөрүү идеясы социалдык түйүндөрдө эки ишкердин айтышуусунан кийин пайда болгон. Маск атүгүл беттешти түз эфирде көрсөтүүнү да пландаган. Кийинчерээк UFC уюмунун жетекчиси Дана Уайт менен сүйлөшүүлөр жүрүп, ал эч нерсе менен аяктаган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны өттү

Бүгүн, 16-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду. Жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Анда […]

Сизге жагышы мүмкүн