Дүйнөнүн булуң-бурчунан салттуу тамактардын түрлөрүн тартуулаган TasteAtlas эң жагымсыз жүз тамактын тизмесин түздү.
Рейтингдин авторлору тарабынан желатинге чыланган эттен жасалган закуска деп мүнөздөлгөн холодец тамагы 67-орунга ээ болду.
Тизменин башында акула этинен жасалган хаукартл деп аталган исландиялык деликатес турат.
Өткөн жылы орустарды щи аталышындагы шорпосу эң жагымсыз тамактардын тизмесинин башында турган.