4-октябрда 2023-жылдагы химия боюнча Нобель сыйлыгы кванттык чекиттерди ачуу жана синтездөө боюнча жасаган иштери үчүн Мунги Габриэль Бавенди, Луи Э.Брус жана Алексей И.Екимовго ыйгарылды.
Кванттык чекиттер LED жарык лампаларын иштеп чыкканга, QLED технологиясы менен компьютер жана телевизор экрандарын жарыктандырууда, биохимия менен медицинада биологиялык кыртыштарды картага түшүрүүдө колдонулганы белгиленди.
Бей Окт 5 , 2023
2030-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты бир нече өлкөдө өтөт. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазууда. Маалыматка ылайык, турнир Аргентина, Испания, Португалия, Уругвай, Парагвай жана Мароккодо өтөт. Бүгүн ФИФАнын кеңешинин жыйынында дүйнөлүк чемпионатты уюштурууга арыз берген бардык өлкөлөрдө турнирдин беттештерин өткөрүү чечими кабыл алынды. Түштүк Америкада үч оюн болот. Ачылыш оюну бул […]