Кечээ Ливанда “Хизбулла” уюмунун лидери Хасан Насраллах калкка кайрылуу жолдоп, Американы шайтандын эң чоңу деп атады. Ал Бейруттун аянтын толтурган миңдеген тарапташтары менен жолугушуу өткөздү. Хасан Насраллах Израил жүргүзгөн Газадагы геноцидге АКШны жоопкер деп атап, Хизбуллах аскерлери американын аскердик базаларын бомбалайт деп билдирди. “Акса Бороону” аскердик операциясы эми ар тарапка жайылды. Хизбуллах да бул согушка кирди”,- деди ал. Белгилүү болгондой, АКШнын аскердик базалары Сирия менен Иракта жайгашкан.