Иранда аялдардын коомдук жайлардагы кийимдерин көзөмөлдөөчү камераларды орното баштаганын полиция кызматы кабарлады.
Маалыматтарга караганда ал түзүмдөр эскертүү SMSтерин жиберишет. Полиция бул аракеттер хиджаб мыйзамына каршылык көрсөтүүнүн алдын аларын билдиришти.
Иранда өткөн жылы хиджаб эрежесинен улам нааразылык акциялары чыккан. Камакка алуу коркунучуна карабай, айрыкча чоң шаарларда нааразы аялдардын саны көбөйүүдө.