Ливандык “Хезболла” кыймылы Израил менен согушта жаңы деңгээлдеги эскалацияга өткөнүн жарыялады.
“Каршылык көрсөтүүчү операциялар штабы Израил менен каршылашууда жаңы деңгээлдеги эскалацияга өткөнүн жарыялайт. Алдыдагы аракеттер аны айкын көрсөтөт”,-деп жазылган кыймылдын Telegram-каналындагы билдирүүсүндө.
“Хезболланын” басма сөз кызматы душмандын жоготуулары тууралуу маалымдады. Алардын айтымында, Израилдин коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) болжол менен 55 кишиден айрылып, 500дөн ашууну жарадар болгон.