Хезболланын жаңы лидери шайланды

Автор

Ливандык “Хезболла” уюмунун жаңы башкы катчысы болуп Хашем Сафи ад-Дин шайланды. Тиешелүү чечимди шура кеңеши кабыл алды.
Сафи ад-Дин аткаруу комитетинин башчысы кызматын аркалап келген. Ал мурдагы лидер Хасан Насралланын аталаш иниси жана Ирандын “Кудс” күчтөрүнүн мурдагы командачысы Касем Сулейманинин күйөө баласы.
Маалыматтарга ылайык, Хашем Сафи ад-Дин 1964-жылы Ливандын түштүгүндөгү Дейр-Канун ан-Нахр шаарында төрөлгөн. Ал Насралла менен чогуу Наджаф жана Кум шаарларында билим алып, 1982-жылы “Хезболланы” негиздеген.
Айрым маалыматтар боюнча, Насралла 2008-жылы эгерде өзү көз жумса аталаш инисин мураскер болорун сунуштаган. ЖМКлардын айтымында, Сафи ад-Дин акыркы отуз жыл бою “Хезболланын” саясий, социалдык, маданий жана билим берүү ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн.
27-сентябрда Израил армиясы Бейруттун түштүгүндөгү калк жыш жайгашкан Дахия районуна бир катар ракеталык соккуларды жасаган. Анда “Хезболланын” негизги командачылык борборлорунун бири жайгашкан. 28-сентябрда ЦАХАЛ “Хезболланын” лидери Хасан Насралланын жок кылынганын билдирген. Израиль армиясынын маалыматына ылайык, Насралла Бейруттагы чабуул учурунда өлтүрүлгөн. Аны менен кошо кыймылдын башка лидерлери дагы курман болушкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 30 – сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сомдон болсо, сатуу 84 сом 45 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн