«Хезболланын» жаңы лидери Израил менен элдешүүнү карап көрүүгө даяр

Автор

Ливандын «Хезболла» уюмунун баш катчысы Наим Касем кызматына киришкенден кийинки биринчи кайрылуусунда каза болгон мурдагы жетекчиси Хасан Насралланын ишин улантып, Израилден келген аскердик коркунучтарга каршы турууну убада кылды. Ошону менен бирге ал «Хезболлага» ылайыктуу шарттарда ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.
«Эгер израилдиктер агрессияны токтотууну чечсе, биз макул болушубуз мүмкүн, бирок өзүбүз ылайыктуу жана туура деп эсептеген шарттарда»,-деди Наим Касем. Ал «Хезболла» ок атышууну токтотууну «жалбарып сурабай турганын» баса белгиледи. Анын айтымында, азырынча ливандык кыймыл ишенимге татыктуу тынчтык сунушун алган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Ала-Тоо аянты унаалардын өтүүсү үчүн жабылды

Бүгүн, 31-октябрда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянты унаалардын өтүүсү үчүн жабылды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайыке, жол кыймылын чектөө Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүгө байланыштуу киргизилди. Жол кыймылын чектөө 1-ноябрь саат 12:00гө чейин созулат. Ошентип, Чүй проспектиси Тоголок Молдодон Абдрахманов көчөсүнө чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн