Харьковдо абал оор экени айтылды

Автор

Харьков облусунда кырдаал курчуп кеткенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди.
Анын айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү аймактагы позициясын сактап калууга аракет кылууда, бирок кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Орус армиясы Украинанын аймагына терең кирүү максатында бир нече багытта активдүү чабуул жасоодо. Катуу коргонуу салгылашуулары жүрүп жатат. Чалгындоо, артиллериялык, учкучсуз системалардын бөлүмдөрү иштеп жатат.
Россия менен мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Купянский, Северский, Лиманский, Покровский аймактарында салгылашуулар уланууда. Сырскийдин айтымында, кээ бир аймактарда орус армиясы жарым-жартылай ийгиликке жетишти.

Бөлүшүү:
Next Post

3 айда 690 млн доллар которулду

2024-жылдын январь, февраль жана март айларында Кыргызстанга 690 млн доллар которулса, анын 641,3 млн доллары Орусиядан келген. Улуттук Банк маалымдагандай, быйыл 2023-жылдын (611,4 млн) жана 2022-жылдын (521,3 млн) ушул мезгилдерине караганда келген акчанын суммасы көп. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн