Харуки Муракаминин жаңы романы жарык көрдү

Автор

Жапон элинин атактуу жазуучусу Харуки Муракаминин “Шаар жана анын кооптуу дубалдары” романы орус жана немис тилдеринде басылып чыкты.
Романда ашыктардын чексиз сүйүүсү жана сырдуу шаар бар. Чыныгы жана фантастикалык дүйнөнүн чек аралары бүдөмүк болуп, башкы каарман түш менен жашоонун ортосунан өтөт. Шаардын бир дубалдарынын аркасында жашаган сүйүктүүсүн кайрадан табуу үчүн каарман өз көлөкөсүнөн бөлүнүүсү керек. Кийинчерээк ал кайрадан кадимки дүйнөгө кайтып келет. Бирок, дүйнөнүн акырында болсо да сүйүктүүсүн унута албайт.
Роман карантин учурунда жазылган. 2020-жылдын март айынын башында, Жапонияда коронавирус күчөй баштаганда, Мураками аны күнүгө, дээрлик үйдөн чыкпай, аягына чейин жазган. Жазуучунун мекенинде китеп 2023-жылдын жазында жарык көргөн.
600 барактан турган эмгек автордун 1980-жылы жазылып, журналга жарыяланган аңгемесинин негизинде жазылган. Мураками өзү айткандай, бул окуя кекиртегиндеги кичинекей сөөк сыяктуу аны эч качан коё берген эмес. Көп тынчсыздандырбайт, бирок өзүн унутууга да жол бербейт. Ал ар дайым бул окуяга кайрылып, андан дагы бир нерсе жараткысы келген.
Харуки Муракамиянын китептери 50дөн ашык тилге которулуп, Япония жана чет өлкөлөрдө да бестселлер болуп келет. Сынчылардын жана окурмандардын алкышы ага көптөгөн сыйлыктарды алып келди. Анын эң атактуу чыгармалары: «Койлорго аңчылык», «Норвегия токоюу», «Шамал куштардын хроникасы», «Кафка пляжда», «1Q84», «Аялсыз эркектер». Муракаминин китептери көбүнчө сюрреализм жана меланхолик болуп саналат, алардын сюжетинде жалгыздык жана бөтөн болуу темалары камтылган. Анын чыгармачылыгынын күйөрмандары бул укмуштуудай жапон жазуучусуна адабият боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылат деп үмүттөнүшөт. Көптөгөн жылдар бою анын ысымы фавориттердин катарында аталып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Давосто 54-Дүйнөлүк экономикалык форум өтүүдө

Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жатат. 54-саммитте 60тан ашык өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү киберчабуулдарды, экстремизмди жана табигый кырсыктарды талкуулашууда. Негизги блок климаттын өзгөрүшүнө арналган. Швейцариянын Альп тоолорунда өткөн абройлуу конференцияга акыркы жылдары 3 миңден ашык катышуучу келет. Анын ичинде мамлекет башчылары, коомдук ишмерлер, илимпоздор жана журналисттер […]

Сизге жагышы мүмкүн