Харрис шайлоого аз калганда элге кайрылды

Автор

АКШнын вице-президенти жана президенттикке талапкер Камала Харрис Вашингтондо көп миңдеген адамдардын алдында шайлоого бир жума калганда акыркы чоң кайрылуусу менен чыкты.
«Бир жума ичинде сизде өзүңүздүн, үй-бүлөңүздүн жана биз сүйгөн бул өлкөнүн келечегине түздөн-түз таасир этүүчү чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болот. Бул эки партия жана эки башка талапкердин тандоосу гана эмес. Бул ар бир америкалык үчүн эркиндикке негизделген өлкөбүз болобу же башаламандык жана чыр-чатак менен башкарылуучу өлкө болобу, ошону тандоо»,-деди Харрис
Митинг өткөн жай бекеринен тандалган эмес. Ал Ак сарайга жакын жайгашып, Эллипс паркы деп аталат. 2021-жылдын 6-январында анын шайлоодогу атаандашы, республикачыл Дональд Трамп ошол жерде өзүнүн колдоочуларынын алдында сүйлөгөн, кийин айрымдары Капитолийди басып алуу үчүн жөнөшкөн.
Харристин айтымында Трамп төрт жыл мурда ушул эле жерде туруп, куралчан топту элдин эркин, акыйкат шайлоодо билгизген чечимин четке кагууга жиберген. «Бул адам туруксуз, өч алууга абдан берилген, өкүнүчкө толгон жана чексиз бийликке кумарланган»,-деп кошумчалады ал.
Андан соң ал турак жайдын наркын төмөндөтүү, улгайган адамдарга кам көрүү кызматын мамлекеттик медициналык камсыздандырууга киргизүү сыяктуу айрым негизги саясий сунуштарын тизмектеди.

Бөлүшүү:
Next Post

Мына сага...Кофеге пил кыгы кошулган!

Дүйнөдөгү чоң компаниялардын катарына кирген Starbucks жетекчилиги кофе ичимдиктерин жакшыртуу максатында пил кыгын кошуп жүрүшкөнүн моюндап, кардарларынан кечирим сурады. Мындан бир канча ай мурда Европалык Тамак-Аш Уюму (EFO) Starbucks продуктуларында пил кыгынан алынган үлгүлөр табылганын билдирген эле. Starbucks жетекчилиги Түштүк Африка пил кыгын кофе ичимдигине кремдүү даам берүү үчүн көп […]

Сизге жагышы мүмкүн