Харрис Трампты АКШны Кытайга “сатканга” айыптады

Автор

Демократтар партиясынан АКШ президенттигине талапкер Камала Харрис шайлоо алдындагы дебаттарда өзүнүн атаандашы, республикачыл Дональд Трампты АКШ чиптерин Кытайга сатты деп айыптады. Айтымында, муну менен Трамп Кытай армиясынын өнүгүшүнө салым кошкон.
“Дональд Трамп президент болуп турганда ал Кытайга америкалык чиптерди сата баштады. Бул аларга өзүнүн куралдуу күчтөрүн жакшыртууга жана жаңылоого жардам берди. Чынында, ал бизди сатып жиберди”,-деди Камала Харрис. Ал Вашингтон үчүн Пекинди технологиялык жарышта жеңүү өтө маанилүү экенин белгиледи.
Дональд Трамп демократ атаандашынын айыптоолоруна макул болгон жок. Ал Кытай чиптерди Тайвандан сатып алганын, анткени АКШ аларды өндүрбөй турганын айтты.
Дональд Трамп менен Камала Харристин дебаттарынын биринчи айлампасы АКШ экономикасы боюнча суроолор менен башталды. Камала Харрис Трамп сунуштаган пландар эң бай адамдар үчүн гана салык жеңилдиктерин карайт деп билдирди.
Дональд Трамп болсо, мурда кылгандай мыкты экономика түзө турганын айтты. Байден-Харрис администрациясы тушунда АКШда инфляциянын жогорулашы өлкө үчүн “катастрофа” болгонун белгиледи.
Камала Харрис менен Дональд Трамптын дебаттары Пенсильвания штатынын эң ири шаары Филадельфиядагы Улуттук конституциялык борбордо өттү. Талапкерлер көрүүчүлөрдүн катышуусу жок чыгып жатышат. Алардын жолугушуусу 90 мүнөткө созулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 11-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 20 тыйын болсо, сатуу 84 сом 60 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн