АКШнын демократтар партиясынан президенттикке талапкер Камала Харрис келерки жумада Украина президенти Владимир Зеленский менен Вашингтонго сапары учурунда жолугушууну пландап жатат.
Владимир Зеленский менен жолугушуу Камала Харристин “сырткы саясаттагы профилин кеңейтүү” үчүн керек.
Владимир Зеленский АКШга сапарынын алкагында президент Жо Байден менен кагылышууну жөнгө салуу боюнча планын бөлүшүүнү көздөп жатат. Маалыматтарга ылайык, Украинанын президенти бул пландарын Камала Харрис жана Дональд Трамп менен бөлүшүүгө умтулууда.