Харрис алгачкы маегинде Россия-Украина темасын козгогон жок

Автор

АКШ президенттигине талапкер Камала Харрис шайлоо алдында CNN телеканалына берген алгачкы маегинде Россия жана Украина боюнча маселелерге бир да токтолгон жок. Тышкы саясатка байланыштуу сөзүндө Израиль менен Вашингтондун мамилелери, Израилге курал-жарак жеткирүүнүн келечеги менен чектелди.
Бир саатка созулган маекте саясатчы ички маселелерге, республикачы атаандашы Дональд Трамптын айткандарына, Мексика менен чек арадагы абалга, мамлекет башчысы Жо Байден менен болгон мамилеси сыяктуу бир катар темаларга токтолду.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулууда

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүнүн аппараты жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын административдик имаратынын курулушу башталды. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, имарат Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсүндө жайгашкан 7,6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда. Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, […]

Сизге жагышы мүмкүн