Харрис АКШдагы президенттик шайлоонун расмий талапкери болду

Автор

Добуш берүү United Center жабык спорттук аренасында өттү. Жыйында Камала Харрис өзү, өлкө президенти Жо Байден жана анын жубайы Жилл, ошондой эле бир катар жогорку даражалуу партиялык аткаминерлер сөз сүйлөштү.
Биринчи болуп Делавэр штаты добуш берди. Бул азыркы президенттин туулуп-өскөн жери. Байден Харристин талапкерлигин колдоп сүйлөдү.
Камала Харристин талапкерлигин Демократиялык партиянын съездинин 4 566 делегаты колдоду. АКШ президенттигине расмий талапкер болуу үчүн ага 1 976 делегаттын добушу керек эле.
“Камала Харрис расмий түрдө АКШ президенттигине талапкер болуп бекитилгенин жарыялайм”,-деп добуш берүүнүн модератору жарыялады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте паралимпиадачылар Парижге узатылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын Паралимпиада курама командасын XVII жайкы Паралимпиада оюндарына узатып жатып, оюнчуларды лицензия алышы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди. Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт. “Сиздердин […]

Сизге жагышы мүмкүн