Ханзаада ооруга чалдыккан король Чарльз IIIтүн айрым милдеттерин аткарат

Автор

Улуу Британиянын тактысынын мураскери Уэльс ханзаадасы Уильям рак илдетине чалдыккан Улуу Британиянын королу Чарльз IIIтүн айрым милдеттерин аткарат. Чарльз III өзү конституциялык милдеттерин аткарууну улантат.
Падыша премьер-министр Риши Сунак менен салттуу жолугушууларды токтотууну көздөбөйт, болгону аралыктан өтүшү мүмкүн.Чарльз III мамлекеттик маанилүү документтерди кабыл алууну жана кароону улантып, айына бир жолу өтүүчү Купуя кеңешинин жыйындарына катышары күтүлүүдө. Алдыдагы чет элдик сапарларга эч кандай өзгөртүүлөр жарыяланган жок.
Буга чейин Улуу Британиянын королу Чарльз III рак оорусуна чалдыкканы маалымдалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-9-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун […]

Сизге жагышы мүмкүн