ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Усама Хамдан Москвага болгон сапар агрессияга каршы аракеттердин бөлүгү экенин белгиледи. Ал туткундарды алмашуу келишими жаңжал токтогондон кийин гана мүмкүн экенин айтты.
«Биз РФ, Кытай жана Алжирден Газадагы агрессияны токтотуу үчүн иш алып барууларын сурадык»,-деди Хамдан. Ал Палестин кыймылынын Израиль менен сүйлөшүүлөрүндөгү ортомчулар бул маселеде диалогду күчөтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдиргенин кошумчалады. Усама Хамдан сөзүн улап, ХАМАС өз позициясынын өзгөрбөгөнүн ырастаганын жана «жарым-жартылай макулдашууларга» каршы экенин билдирди.
Ошондой эле АКШны жаңы сунуштардын жоктугу үчүн сындап, Израилдин кызыкчылыктарын көздөп жатканын белгиледи.
U-17: Бүгүн Кыргызстандын жаш курамасы Йемен командасы менен беттешет
Жум Окт 25 , 2024