Хамас менен Израилдин согушу мусулман өлкөлөрүн эки жээкке бөлдү

Автор

Чыгыштагы согуш дүйнө коомчулугун экиге бөлдү. Ливиядан башка Арап дүнүйөсү окуяга көз салып гана турат. Азербайжан Ирандан ыдык көргөн өлкө катары Израилди  колдоп жатат. Түркия, Орусия жана Сауд Арабия эки тарапты элдешүүгө чакырууда.

Талибан кыймылы болсо, Ливия, Палестина, Иран өз аймактарынан коридор беришсе, биз Израилди басып алабыз деп билдирүү таратты.

Учурда Иранды тизгиндегиси келген мусулман өлкөлөрү Израилди колдоп, кубаттап жатышат.

АКШ баш болгон Европа өлкөлөрү окуяны террористтик уюмдун кол салуусу катары сыпаттап, тезинен жаңжалды токтотууга чакырды. Хамас Израилге канча күн туруштук берет?

Эске салсак, Азербайжан Карабах жаңжалында расмий Тел-Авивден колдоо тапкан. Ал эми Палестина Арменияны колдогон эле.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израиль менен Газа боюнча билдирүү кабыл ала алган жок

Палестина-Израиль же жаңжал аймагындагы кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйыны өттү. Бирок Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эч кандай билдирүүнү кабыл ала алышкан жок. Россия Федерациясынын Туруктуу өкүлү Небензя журналисттердин Израиль менен Газадагы кырдаал боюнча кандайдыр бир билдирүү жасоо боюнча суроосуна терс жооп берди. Мальтанын Туруктуу өкүлү Ванесса Фрейзер бул маселе […]

Сизге жагышы мүмкүн