Хамас Израилди эмне үчүн бомбалады?

Автор

Мындан 4 ай мурда Ирандын диний лидери Али Хоменей Палестинанын (Хамас) Эркиндиги уюмунун кол башчысы Зияд Нахаллах менен жолукту. 2020-жылдагы жолугушуусунда да 2 миң ракета берип, “Хамас менен Хизбуллах уюмунун Израил менен болгон күрөшүн кубаттап, колдойбуз жана жардам берүүбүздү улантабыз”.- деген эле. Хамас 2022-жылдын август айларында Ирандан келген ракеталарды колдонду.

Ошентип, геосаясий кызыкчылык Иран менен Хамасты  жакындаштырып, Арап-Израил биримдигине сокку уруп жатат.

2020-жылы Израил АКШнын жардамы аркылуу төрт Арап өлкөсү менен дипломатиялык мамилесин жолго койду. Бул үчүн Марокконун талабын четке кагалбай расмий Раваттын батыш жээгиндеги талаштуу аймагын таанып берди. Ошол эле жылы Судан “эгер АКШ бизди терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарса, Израил менен дипломатиялык мамилелерди жакшыртууга жол ачабыз”,- деди. Израилдин ортомчулугу менен Судандын талабы аткарылды. Ал эми Бахрейн менен Бириккен Араб Эмираттары соода – сатык алаканы чыңдоо багытын көздөп, Израил менен келишүүгө макул болушту. Түпкүлүгүндө бул Иранга каршы биргеликте аракеттенүү келишими деп айтылды.

Мына ушул биригүүлөр Иранды түкшүмөл ойго салды. Көп өтпөй Хоменей Батыш Шерианы куралданууга чакырган билдирүүсүн таратты.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында дагы бир таң калыштуу окуя болду. Тарыхта биринчи жолу Израилдин туризм министри Хаим Катз Сауд Арабияга келди. Бирок, Израилдик министрдин расмий зыяратынан кийин 7-октябрда Хамас 5 миң ракета менен Израилди бомбалады.

1912-жылдан бери Чыгышта адамдын каны суудай агууда. Сырткы күчтөр от жаккан сайын кошуналардын ынтымакта жашоо чабасы жомокко айланып барат. Ушул өңүттөн алып караганда Араптар менен Израилдин жакындашуусу Иранды туңгуюкка кептейт. Андыктан, Иран Чыгыштын күчтүү жана өктөм өлкөсү бойдон калгысы келүүдө.

Манас Осмон журналист

“Азия Ньюс” гезитинен алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө чемпионаты (U-23): Бекзат Алмаз уулу коло медалга ээ болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу Албаниянын Тиран шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу 57 кг чейинки салмак категориясында алгач 1/8 финалда түркиялык балбанды жеңсе, ¼ финалдык беттеште беларусиялык спортчуну уткан. […]

Сизге жагышы мүмкүн