Израилдин ар бир соккусуна жана үйдү бомбалоосуна жооп катары ХАМАС барымтадагы израилдик бир адамды өлтүрөт. Бул тууралуу кыймылдын аскердик канатынын расмий өкүлү Абу Убайда билдирген.
Ошол эле маалда The Times of Israel гезити Израилдин аскерлери Газа тилкесинде барымтадагылар үчүн коркунуч туудурган учурларда да сокку уруу чечимин кабыл алганын жазат.
Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн ХАМАСтын согушкерлери акыркы үч күндө 100дөн ашуун адамды туткунга алганын кабарлаган.