Газа тилкесинде Израилдин соккусунан бир суткада 7-октябрда палестиналык согушкерлер туткундап алган он үч киши набыт болгонун ХАМАСтын “Иззэддин аль-Кассам бригадасы” аскер канаты социалдык тармакта билдирди.
Белгиленгендей, каза болгондордун арасында чет элдиктер бар.
Ар кандай булактардын айтымында, 150дөй израилдик ХАМАСтын туткунунда болушу мүмкүн.
Газа секторунда Израилдин жооп кайтаруу аракеттеринин курмандыктарынын саны бир жарым миң кишиден ашты.