Палестина эли араб жана эл аралык коомчулуктун Газа тилкесиндеги Израилдин агрессиясын токтотуу талабы менен 29-31-декабрга чейин массалык нааразылык акцияларын активдештирүүнү күтүүдө.
ХАМАС кыймылынын жетекчилигинин билдирүүсүндө «Биз дүйнө жүзүндөгү эркиндикти сүйгөн адамдарды Жаңы жыл алдында жума, ишемби жана жекшемби күндөрү палестиналыктарга тилектештик акциясына катышууга жана Израил аскерлеринин согуш кылмыштарын айыптоого чакырабыз»,-деп айтылат.