ХАМАС Газа боюнча сүйлөшүүлөрдөн баш тартты

Автор

«ХАМАС» кыймылы Газа секторунда ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө өкүлдөрүн жөнөтпөйт.
Ортомчулардын катышуусундагы кеңештер 15-августта Доха же Каир шаарларында өткөрүлүшү пландалган. Кыймылдын жоокерлери Израилдин бийликтери согушту токтотууга кызыкдар эмес деп эсептешет.
ХАМАСтын Ливандагы өкүлү Ахмад Абдул Хади кыймыл жалпы эле сүйлөшүүлөргө жана макулдашууга жетишүүгө каршы эмес экенин, бирок маселе Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун позициясында экенин айтты.
Израил менен ХАМАСтын Газа секторунда ок атышууну токтотуу жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрү 2024-жылдын июль айында бир айдан ашуун убакытка токтогондон кийин кайра жанданган. Бирок сүйлөшүүлөр ийгиликтерге жетпей аяктады.
9-августта Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Израилдин делегациясы 15-августта ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө барарын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Ысык-Көл облусунун аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Ысык-Көл облусунун аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-августтан 16-августка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн