Палестиналык ХАМАС кыймылы Израил менен Ливан ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуудан кийин Газада ок атышууну токтотуу келишимине даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги кыймылдын өкүлүнө шилтеме берип кабарлады.
“Палестиналык кыймылдын жогорку даражадагы өкүлү Ливандагы ок атышууну токтотуу келишимин кубаттап, ХАМАС Газадагы ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирди”,-деп айтылат маалыматта.
Кыймылдын өкүлү билдиргендей, ХАМАС Египет, Катар жана Түркиядагы ортомчуларга ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу боюнча “олуттуу келишимге” даяр экенин кабарлаган. Бирок, ал келишимге жетишүүгө Израил тоскоолдук кылып жатат деп айыптаган.