ХАМАСтын согушкерлери америкалык жарандар Жудит менен Натали Раанандарды туткундан бошотту. Бул тууралуу маалыматты АКШ жана Израил бийликтери ырасташты.
Бул ХАМАС тарабынан 7-октябрдан бери бошотулган алгачкы барымтадагылар. Алар Чикагонун тургундары Жудит Раанан жана анын 17 жаштагы кызы Натали. Израилге туугандары менен жолугушуу үчүн келишип, 7-октябрда колго түшкөн.
Барымтадагылардын бошотулганын биринчилерден болуп ХАМАС кабарлаганы, гуманитардык себептерден улам жана Катардын аракетинин аркасында жасаганы баса белгиленди.
Маалымат Израилде тастыкталып, Жудит менен Натали өлкөнүн борборундагы аскердик базага бара жатышканын, аларды туугандары күтөөрү кошумчаланды.
Президент Жо Байден бул аракеттерди кубаттап, Израиль менен Катар бийликтерине ыраазычылыгын билдирди.