ХАМАС барымтадагыларды таба албай жатканын билдирди

Автор

ХАМАС тобунун өкүлдөрү барымтадагы 40 адамды таба албай жатканын айтышты. Израил менен ХАМАСтын ортосундагы акыркы сүйлөшүүлөрдө үч этапта барымталарды алмашуу планы сунушталган. Алты аптага созула турган биринчи этапта ХАМАС туткунда калган аялдарды, улгайгандарды Израилге өткөрүп бермек. Алардын саны 40 киши деп эсептелген. Израил барымтадагылардын ар бири үчүн түрмөлөрдөгү аялдардын, кары-картаңдардын жана жашы жете электердин арасынан 30 палестиналык туткунду бошотууга тийиш эле.
CNN телеканалынын маалыматына караганда, ХАМАС 40 тирүү барымтачыны таба албайт. CNN булактары туткунга алынган израилдиктердин көбү өлгөн болушу мүмкүн же согушкерлер алардын так кайда экенин билишпейт деген тынчсыздануусун билдирди.
ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрында Израил аймагына жасаган чабуулунда 253 киши барымтага алынып, Газа тилкесине жеткирилген. Израил тараптын маалыматы боюнча, алардын айрымдары бошотулгандан кийин 129 адам барымтада калган.
Жаңжал учурунда Израил тараптан 1,5 миң адам, анын ичинде аскер кызматкерлери курман болгон. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторунун Саламаттыкты сактоо министрлиги аймакта 33 миңден ашуун киши курман болгонун билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо айлык акы 33 миң 512 сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-февраль айларында орточо айлык 33 миң 512 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетти билдирди. Маалыматка ылайык, бул 2024-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 11,6%га өскөнүнөн кабар берет. Эң олуттуу өсүш дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен […]

Сизге жагышы мүмкүн