Хайитхон Хусан кызы Япониядагы мелдеште алтын медаль утту

Автор

Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Японияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Кезектеги Гран-при сериясындагы турнир 4-декабрда башталды.

Ата мекендик спортчу 48 кг чейинки салмак ченинде катышты. Ал 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда монголиялык атаандашын жеңип, жарым финалда аргентиналык спортчуну артта калтырган. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште япониялык Хангаи Шизукини жеңип, алтын медалдын ээси болуп калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров “Учкундун” ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров  Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ААКсына барып, ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал жакка барганында Мамлекет башчысына чыгарылып жаткан продукциялар, тактап айтканда, жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын көлөмү, газета-журнал цехинин иши жана мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы тууралуу маалымат берилди. Садыр Жапаров басмакананын жетекчилиги […]

Сизге жагышы мүмкүн