Хайитхон Хусан кызы Дүйнө оюндарында коло медаль тагынды

Автор

Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Бирмингем шаарында (Улуу Британия) өтүп жаткан IBSA Дүйнө оюндарында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 48 кг чейинки салмакта катышкан. Биринчи айлампада аргентиналык спортчуга жеңилген. Экинчи айлампада колумбиялык атаандашын ипон ыкмасы менен жеңип чыгып, коло медаль үчүн беттеште бразилиялык спортчуну утуп алган.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш көрүүсү начар спортчулар арасында биринчи жолу өтүп жатат. Жалпы 70 өлкөдөн 1000ден ашык спортчу катышып жатат.

Мелдеш 17-август күнү башталган, 27-август күнү жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Шакиев Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту

Бүгүн, 24-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Европа парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев мындай жолугушуулар эки тараптуу алакаларды арттырууга өбөлгө түзөрүн […]

Сизге жагышы мүмкүн