Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун 40 млн долларлык сунушун четке какты

Автор

Аралаш мушташ боюнча жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун 40 миллион доллар сунушунан кийин профессионалдык спортко кайтуудан таптакыр баш тарткан. Абсолюттук мушташ чемпионаты(UFC) дагестандык спортчунун уюмга кайтып келүүсүнөн үмүтүн үздү. Бул тууралуу америкалык мушкер Даниел Кормье айтып чыкты.
“Хабиб UFC уюмунун 40 миллион долларлык сунушунан баш тартканын айтты. Ал канча беттешке чыгышы керек экенин жана кандай сунуш болгонун билбейм, бирок ал бизге “40 миллион доллардан баш тарттым”, – деди Кормье өзүнүн жеке YouTube подкастында.
Эске салсак, Нурмагомедов 2020-жылдын күзүндө, Жастин Гэтжи менен титулдук күрөштөн кийин дароо карьерасын аяктаарын жарыялаган. Хабиб 29 беттеште 29 жеңиш менен спорттон кеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары жолугушту

2024-жылдын 18-январында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары болуп өттү. Визиттин алкагында Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар […]

Сизге жагышы мүмкүн