Хабиб Нурмагомедов келечеги тууралуу билдирүү жасады

Автор

Жеңил салмактагы UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов машыктыруучулуктан кетүүнү ойлобой турганын айтты.
«Мен машыктыруучулуктан алыстадым деп айта албайм. Кээде спорт залга барам, тажрыйбамды бардык ага-инилерим менен бөлүшөм. Кеп менин машыктыруучулуктан кеткенимде эмес, жумалык машыгуу жана башкалар тууралуу болуп жатат… Мен аларды аяктадым. Бирок мен өзүмдүн билимим жана тажрыйбам менен бөлүшүүнү уланта берем…
Мен азыр 40 жашка чыга элекмин. Бул жашоомдогу эң маанилүү нерселердин бири, анткени алар менен бөлүшө турган көп нерсем бар. Грепплинг, күрөш, кээ бир психологиялык нерселер. Мен дагы эле бир туугандарымды машыктырам”, – дейт Хабиб.
Эске салсак, 2020-жылы Хабиб Нурмагомедов UFCнин жеңил салмактагы убактылуу жана учурдагы титулдарын ийгиликтүү бириктирип, UFCден кеткенин жарыялаганга чейин Джастин Гэтжини экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алган. Жеңилбеген орусиялык мушкер дүйнөнүн эң күчтүү лигасынын туусу астында он үч жеңишке жетишип, 29-0 эсеби менен эс алууга чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия-Кытай: Айга атомдук электр станциясын орнотуу пландалууда

Россия менен Кытай 2033-2035-жылдары Айдын бетине атомдук электр станциясын орното алат. Бул тууралуу Роскосмостун жетекчиси Юрий Борисовдун айткандарын “Коммерсант” басылмасы жазды. “Бүгүн биз 2033-2035-жылдарда Кытайдагы кесиптештер менен бирге Айдын бетине энергетикалык түзүмдөрдү орнотуу боюнча долбоорду олуттуу карап жатабыз»,-деди ал Дүйнөлүк жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө. Борисовдун айтымында, мындай миссияны роботтордун жардамы […]

Сизге жагышы мүмкүн