Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Швейцариянын Цюрих шаарында өткөн кеңештин жыйынында Өзбекстанда 2024-жылы футзал боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылы Клубдар арасындагы дүйнө чемпионаты АКШда 32 команданын катышуусунда кеңейтилген форматта өтөт. ФИФА ошондой эле 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын регламентин бекитти. Турнирди өткөрүүгө арыз берүү процесси 2023-жылдын үчүнчү чейрегинде башталат.
Белгилей кетсек, кийинки дүйнөлүк чемпионатка 48 команда катышат. ФИФА бул турнир “дүйнөлүк футболго болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизет” деп ишенет, анткени көбүрөөк улуттук командалар дүйнөлүк чемпионатта ойноого мүмкүнчүлүк алышат.