Футзалчылар Афганистан курамасы менен беттешет

Автор

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы 2024-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Вьетнам курамасын утуп алды.
Беттеш Бангкок (Таиланд) шаарында өтүп, оюн акшумкарлардын пайдасына 3:2 эсебинде жыйынтыкталды.
Голдордун авторлору: Максат Алимов (9′), Шохрух Махмадаминов (24′), Данияр Таалайбеков (39′).
Эске салсак, азиялык курамалар арасында Дүйнө биринчилигине акыркы жолдомо үчүн Вьетнам жана Кыргызстан курамаларынан тышкары Афганистан менен Ирак курамалары оюнда кез келмек. Бул беттеш Афганистан курамасынын жеңиши менен 5-3 эсебинде аяктады.
Ошентип, Кыргызстандын курамасы жолдомо үчүн чечүүчү беттеште 28-апрель күнү Афганистан каршы кез келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия элчиси Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Россия Федерациясынын Тажикстандагы элчиси Семён Григорьев тажик жарандарынын Россияга кирүүдөгү кырдаалга байланыштуу республиканын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу министрликтин сайтында айтылат. Элчиге “Тажикстандын жарандарынын Россияга кирүүсүнө негизсиз тыюу салуу фактылары” боюнча позициясы тууралуу маалымат берилген. Мындай учурлар Казакстандын Түштүк Урал облусу менен Россиянын Оренбург облусунун чек арасында болгон. Аймактык […]

Сизге жагышы мүмкүн