Футбол талаасында чагылган түшүп машыктыруучу каза болду

Автор

Франциянын түндүгүндө ышкыбоздор командасынын машыгуусу учурунда футбол талаасында чагылган түшүп, бир адам каза болуп, экөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Окуя бейшемби күнү Курьер коммунасында жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегиздер чамасында болгон. Жергиликтүү команда машыгуу өткөрүп жаткан Габриэль-Пери стадионунун талаасына чагылган тийген.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар команданын машыктыруучусу болгон 33 жаштагы жаран каза болгонун тастыкташты. Ал тез жардам бригадасынын реанимациялоо аракетинен кийин каза болгон. Эки адам көкүрөгү ооруп, оор абалда Lens ооруканасына жаткырылган, дагы төртөө жеңил жаракат алган. Жалпысынан чагылган түшкөндө талаада 30дан ашык адам болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

25-майга карата аба ырайы

25-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25, Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23, Ош, Жалал-Абад жана […]

Сизге жагышы мүмкүн