Футбол талаасында каза болгон оюнчулар

Автор

Футбол тарыхында каргашалуу канчалаган жаракат алуулар, көптөгөн сансыз анткордуктар бар. Бирок, футбол талаасындагы өлүм кырсыктары саналуу эле. Эмесе, алардын бешөөнү айтып берели:
ПАТРИК ЭКЕНГ
Камерундук футболчу 2016-жылы “Динамо Бухарест” клубунда оюн учурунда каза болгон. 6-майда жарым коргоочу бир оюнчуну алмаштырып,ойноп жаткан ошондо инфаркттын өтүшкөн түрү (кардиогенный шок) болуп жыгылып калган. Дарыгерлердин аракетине карабай футболчунун сактай алышкан эмес.
ПИТЕР БИАКСАНГЗУАЛА
Индиялык футболчу 23 жашына жаңы чыкканда каза болгон… Ал жергиликтүү чемпионатта гол киргизип, кубанычы койнуна батпай сальто секирген. Бул сүйүнүч сезими кокустан туура эмес жыгылып, ордунан турбай калган. Кесиптештери кубана беришкен бирок футболчу жыгылган жеринен турбай каза болгон.
МИКЛОШ ФЕХЕР
“Бенфи́ка” португалиялык клубунун форварды 2004-жылы кышында оюн учурунда ыңгайсыз ката кетирип алган. Анан ал сары карточка алып, футбол талаасынын кетип баратканда кулап түшкөн… Клубташтары, атаандаштары,дарыгерлер баардыгы биринчи медициналык жардам көрсөткөнү менен футболчу жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал дагы жүрөк оорусунан кеткен.
МАРК –ВИВЬЕН ФОЭ
Дагы бир камерундук жарым коргоочу бул тизмеге кирди. Марк 2003-жылы жайында Францияда Конфедерация Кубогунда ойноп жатып каза болгон. Жарым финалда Камерун курама командасы менен Колумбия ойноп жаткан. Оюндун 70 мүнөтүнө келгенде кулап түшкөн Марк дагы жүрөк оорусунан каза болгон.
АНТОНИО ПУЭРТА
Испаниялык коргоочу 2007-жылы “Реал” клубу менен ойноп жатып өзүн жаман сезген. Ал оюнду уланта албай алмаштыруусун суранган. Кийим алмаштыруучу бөлмөдө жыгылып, дароо ооруканага жеткирилген. Бирок өмүрүн сактоого мүмкүн болгон эмес. Ал дагы жүрөк оорусунан кеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү бийлик жаш кадрларды жумушка тартат

Кечээ губернаторлор, ректорлор жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери катышкан отчеттук жыйын болуп өттү. Ага катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ректорлору менен баарлашып, «Ректорлор, жаш кадрларды мамлекеттик ишке аралаштырыңыздар, долбоорлорду жазышсын, консультант болушсун. Андан соң губернаторлор аларды жумушка тарткыла, борбордук органдарга да сунуш кылыңыздар. Ал үчүн буга губернаторлорду кызыктырып, […]

Сизге жагышы мүмкүн