«Футбол калыстар мектебине» кабыл алуу башталды

Автор

Кыргыз футбол биримдигинин «Футбол калыстар мектебине» 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу башталды. Бул тууралуу футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу курстарын бүткөндөн кийин Улуттук категориядагы калыс болууга ири мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары ийгиликтүүсү ФИФА калысы боло алат. Мектепти бүтүргөн калыстар КФС алдындагы мелдештерге калыстык кылышат. Окуу акысыз болуп, кечки убакытта өтөт.
Мектепке тапшыруу үчүн талаптар:
– 18 жаштан кичүү эмес жана 30 жаштан жогору эмес;
– Мыкты физикалык форма (физикалык кондиция);
– Футболдун базалык негизги эрежелерин билүү;
– Калыстык жана профессионалдык жактан өсүү үчүн жеке сапатка ээ болуу;
– Англис тилин билүү (жакшы болот).
Тапшыруу үчүн документтер:
– Паспорт көчүрмөсү (ID карта)
– Медициналык текшерүүдөн өткөндүгү боюнча справка (Форма У-086);
– Толтурулган форма, шилтеме аркылуу көчүрүүгө болот: https://bit.ly/3R8UHfq
– Фото 3X4
Толук документтерди referees@kfu.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Нарында электробустар каттамга чыгат

Нарын шаарында 19-августтан тарта электробустар каттамга чыгат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-августта Нарын шаарында айдоочуларга унаалардын ачкычтары тапшырылды. Белгиленгендей, электробустарды каттамга чыгаруу үчүн буга чейин тийиштүү аракеттер көрүлүп, токтотуучу жайы даярдалып, айдоочулар окутулган. Эскерте кетсек, Нарын шаарына 66 млн сомго, 7 жылга насыяга 5 электробус сатып […]

Сизге жагышы мүмкүн