Футбол жөнүндө кызыктуу фактылар:
1. Футбол талаасындагы ар бир оюнда футболчу болжол менен 9.65 км чуркайт.
2. Дүйнөдө колдонулган футбол топторунун 80 пайызы Пакистанда чыгарылат.
3. 1964- жылы Перуда калыстын алгач голду эсептеп, кийин кайра эсептен алып салганы үчүн башаламандык болгон. Натыйжасында 500дөй адам жаракат алып, 328 адам каза тапкан.
4. Дүйнөдөгү алгачкы футболдук клуб 1857-жылы түзүлгөн англиялык “Шеффилда” клубу болгон.
5. 1998- жылы Конго мамлекетинде оюн учурунда чагылган түшүп, конокко келген команданын 11 оюнчусу тең каза болгон. Бирок, үй ээлери эч кандай жаракат дагы алышкан эмес.
6. Гренландия ФИФАнын курамына кире албайт. Себеби аталган өлкөдө футбол талаасы үчүн жетишээрлик чөп жок.
7. 1999-жылы эң масштабдуу деңгээлдеги турнир болгон. Оюнга жалпысынан 5098 команда жана 35 миңден көп оюнчу катышкан.
8. Футбол тарыхында эң тез голдун автору Дэмьен Мори болгон. Ал оюн башталганына 3.67 секунд болгондо атаандашынын дарбазасына гол киргизүүгө жетишкен.
9. “Пенальти” сөзү – футбол эрежелери боюча эксперт Джон Пенальтинин атынан колдонулат. Ал 1891- жылы эрежесиз же колу менен ойнолгон оюнга 11 метрлик соккуну киргизүүнү сунуш кылган.
10. Диего Марадона “Наполиде” ойноп жүргөндө 40 миллион доллар өлчөмүндө салык төлөгөн эмес. Ошол үчүн Италияга барган сайын анын кайсы бир буюмун полиция кызматкерлери алып коюшчу. Алсак, 2006- жылы Roleх саатын алышса, 2009- жылы кулагындагы сөйкөсүн алышкан. Кийин ал буюмдары аукционго коюлуп сатылган.
11. 1969-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк Чемпионатка тандап алуу оюнунда Гондурас курамасы Сальвадор курамасынан жеңилип калган. Бул окуя аталган эки өлкө арасында 6 күндүк согушка себеп болгон.