Футбол боюнча Кыргызстандын кубогун “Мурас Юнайтед” командасы жеңди

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча кубогун финалда Кант шаарынын “Абдыш-Ата” командасын 3:2 эсеби менен уткан Жалал-Абад шаарынын “Мурас Юнайтед” командасы жеңди.
Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, мелдеш күн мурун Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өттү.
Сыйлоо аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышып, “Мурас Юнайтеддин” оюнчуларына медалдарды тагып, жеңиши менен куттуктады.
Спорттук иш-чарада белгилүү эстрада жылдыздары тарабынан концерттик программа тартууланды

Бөлүшүү:
Next Post

17-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24; Таласта […]

Сизге жагышы мүмкүн