Кениядагы беттеш учурунда футбол тарыхында болуп көрбөгөндөй окуя болду. Беттеш учурунда талаага чагылган түшүп, эки футболчу каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, окуя өлкөнүн батыш тарабындагы Кисси аймагында өткөн футболдук беттеш учурунда болгон. “Маньянси-Джанхор” футбол клубдарынын беттеши учурунда болгон окуяда ар бир командадан бирден футболчу каза болду. Окуядан жаракат алган дагы эки футболчу Нямира ооруканасына жеткирилген.