Футболчу Грузиядагы президенттик шайлоого талапкер болду

Автор

Грузияда бийлик башында турган “Грузин кыялы” партиясы президенттикке талапкер катары депутат, мурдагы футболчу Михаил Кавелашвилини көрсөттү. Бул тууралуу партиянын негиздөөчүсү жана ардактуу төрагасы Бидзина Иванишвили билдирди.
“Ал көп жылдар бою ийгиликтүү спортчу катары Грузиянын аброюн коргоп келген. Миша Грузиянын улуттук курама командасынын тажрыйбалуу мүчөсү болгон. Ал бир нече өлкөнүн көп жолку чемпиону”,-деди Иванишвили брифинг учурунда.
Кавелашвили 1971-жылы Тбилисиде туулган. Ал Грузиянын улуттук курама командасы үчүн 40тан ашуун оюн өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү. Аба ырайы кескин өзгөрөт

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 30-ноябрында күндүз жана 1-2-декабрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы […]

Сизге жагышы мүмкүн