ФСБ CNN телеканалынын журналистине иш козгоду

Автор

Россиянын ФСБсы CNN журналисти Ник Пейтон Уолшка жана Курск облусундагы Суджа районунда материалдарды тарткан бир катар украиналык кабарчыларга карата кылмыш иши козголгонун билдирди. Иш мыйзамсыз чек араны кесип өтүү беренеси боюнча козголду.
Коопсуздук кызматында чет элдик репортёрлор видео тартууну мыйзамсыз жүргүзүшкөнүн белгилешти. Аларга беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилиши мүмкүн.
ФСБнын коомдук байланыштар борбору бейшемби күнү журналисттерге эл аралык издөө жарыяланарын кошумчалады.
Ник Уолш Курск облусундагы украин аскерлеринин көзөмөлүндөгү россиялык текшерүү пунктуна барган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда эң жогорку маяналуу жумуштар кайсылар?

Кыргызстанда тоо-кен жана маалымат-коммуникация тармагында иштегендер эң көп айлык алышат. Алардын орточо айлык акысы 63 миң сомдон ашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, андан кийин каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштегендер 62 миң 935 сом, өндүрүш тармагында 52 миң 500 сом алат. 5-орунда мамлекеттик башкаруу жана коргонуу […]

Сизге жагышы мүмкүн