ФСБ: Талибанды террористтердин тизмесинен чыгаруу иштери аяктап жатат

Автор

Россиянын коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында Россияда «Талибан» кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгаруу иштери аяктап жатканын билдирди.
Александр Бортниковдун айтымында, афган бийлигинин аракеттери өлкөдө тартип жана туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзүүдө. «Биз атайын кызматтар ортосунда кызматташтыкты орнотуу эки тарапка тең пайдалуу болот деп эсептейбиз. Бул өзгөчө эл аралык террористтик уюмдарга, баңгизат соодасына жана курал аткезчилигине каршы күрөшүүдө маанилүү»,-деди ФСБнын директору.
28-майда Россиянын президенти Владимир Путин «Талибан» кыймылы Афганистандын мыйзамдуу бийлиги экенин, алар менен мамиле түзүү керектигин билдирген. Тышкы иштер жана Юстиция министрлиги президентке «Талибан» кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарса болорун билдиришкен.
«Талибан» 2003-жылы Россияда террористтик уюм деп таанылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити 6-ноябрда өтөт

Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары катышкан жыйын өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Маалыматка ылайык, Кыргызстандан Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген делегация катышты. Тараптар 6-ноябрда Бишкекте өтө турган ТМУнун мамлекет башчыларынын 11-саммитине даярдык көрүү, уюмга […]

Сизге жагышы мүмкүн