ФСБ: Крокустагы теракттын күнөөкөрлөрү Россиядагы тажик диаспорасынан тартылган

Автор

Россия Федерациясынын Коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортниковдун айтымында, «Крокус Сити Холлда» болгон теракттын аткаруучуларын атайын Россиядагы тажик диаспорасынан тартышкан.
«Теракттын аткаруучулары «Вилаят Хорасан» мүчөлөрү экени так белгилүү болду. Алар Интернет аркылуу Россиядагы тажик диаспорасы менен максаттуу иш алып барган. Өздөрү Афганистанда болушкан»,-деди Бортников Астанада өткөн КМШ мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери кеңешинин жыйынында. Ал «Крокус Сити Холлдагы» терактты уюштурууга украиналык атайын кызматтар катышканын кошумчалады.
Москва облусундагы «Крокус Сити Холлда» теракт 22-март күнү кечинде болгон. Куралчан адамдар концерттик залга кирип, иштегендерге жана конокторго ок чыгарган. Андан кийин имаратты өрттөп, качып кетишкен, бирок көп өтпөй алар кармалган. Терактты жасоодо тажикстандык төрт жаран айыпталууда. Окуяда 145 адам каза болуп, 551 киши жабыркаган.

Бөлүшүү:
Next Post

“Жылдын мыкты мугалими – 2024” сынактын баш байгесин ким алды?Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Бишкекте бүгүн, 4-сентябрда “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, төмөндөгү мугалимдер жеңүүчү деп табылды. – Баш байге – “Жылдын мыкты мугалими” – Каныбекова Назгүл Каныбековна; – Мыкты башталгыч класстардын мугалими – Балтабаева Гүлнур Маматовна; – Мыкты кыргыз […]

Сизге жагышы мүмкүн