Француздар дүйнөдө биринчилерден болуп тез мода деп аталган нерсеге согуш жарыялашкан. Сапаты төмөн, арзан кийимдерди массалык түрдө чыгаруу дүйнө жүзү боюнча экологиялык көйгөйлөрдү олуттуу түрдө курчутууда. Франция улуттук деңгээлде текстилдик өндүрүүчүлөргө да, керектөөчүлөргө да таасир эте турган мыйзамды кабыл алууда.
Жаңы мыйзам мода эпидемиясын токтотууга багытталган.