Франция парламенти Макронго импичмент жарыялайбы?

Автор

Франциянын Улуттук жыйынында, парламенттин төмөнкү палатасында, солчул “Багынбаган Франция” партиясы тарабынан сунушталган президент Эммануэль Макронго импичмент жарыялоо резолюциясы каралат. Партия мындай демилгени Франция лидери парламенттик шайлоодо коалициясынын жеңишине карабастан, солчулдарды жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүн курамына киргизүүдөн баш тарткандан кийин көтөрдү.
Сунуш Франциянын конституциясынын 68-беренесине ылайык киргизилди, анда президент өз милдеттерин аткарбай калган учурда аны кызматтан четтетүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Бөлүшүү:
Next Post

Догдуркул Кендирбаева Эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен окуучуларды сыйлады

Бүгүн, 17-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева информатика боюнча эл аралык олимпиадада 2 күмүш, 1 коло медаль жана 1 ардак грамота алган окуучуларды сыйлады. Министр окуучуларга ноутбук, планшет жана ыраазычылык каттарды тапшырды. Кыргызстандык окуучулар 1-8-сентябрда Египетте өткөн информатика боюнча эл аралык олимпиадада 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду […]

Сизге жагышы мүмкүн